Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Ө.Абдрахманов: “Ата Мекенге” коалиция түзүү боюнча сунуш түшкөн жок


“Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” билдиришинче, парламенттик көпчүлүктү түзүп, коалиция куроо боюнча фракцияга эч кандай расмий жана конкреттүү сунуштар түшкөн эмес. Мындан улам “Ата Мекен” партиясы коалициянын курамына кирбей калышы толук мүмкүн.

Буга чейин парламентте көпчүлүктү түзүү милдети тапшырылган “Республика” фракциясы менен “Ата Журт”, “КСДП” фракцияларынын ортосунда айрым маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. “Ар-намыс” фракциясы 15-декабрда коалицияга кирбей турганын жарыялаган эле. Парламенттик көпчүлүк түзүү милдети 4-декабрда “Республика” фракциясына тапшырылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG