Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Учактардын күйүүчү майларына салык киргизүү демилгеси көтөрүлдү


“Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү жыйынында Кыргызстандагы учактар үчүн күйүүчү май алып келген компанияларга салык коюу демилгеси көтөрүлүп, техникалык өкмөткө бул багытта мыйзам долбоору жөнөтүлдү. Аталган фракциядан депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта Кыргызстандагы учактарга, анын ичинде “Манас” транзиттик жүк ташуучу борборуна күйүүчү май жеткирүү боюнча карама-каршылыктар болуп жатат. Бул маселелерди чечүү үчүн атайын мыйзам долбоору даярдалган.

“Долбоорго ылайык күйүүчү май жеткирген компаниялар керосиндин тоннасына 55 доллардан салык төлөшү керек болот. Бул салыктан түшкөн каражат бир жылда 20 миллион долларга жетет экен. Мындай жол менен мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселеси да чечилет”,-деди Өмүрбек Абдрахманов.

Учактардын күйүүчү майы үчүн салыктар 2008-жылдын 30-декабрында алынып салынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG