Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Нарындагы ачкачылык акциясы убактылуу токтоду


15-декабрда ачкачылык жарыялаган Нарын шаарынын тургундары Жолдубай Сүйүнбаев менен Сыйнагүл Сагындыкова акцияны 16-декабрда түш ооп калгандан кийин келерки дүйшөмбүгө чейин убактылуу токтотушту. Анын себебин Ж. Сүйүнбаев облус башчысынын орун басары Эмил Алымкулов баш болгон бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн, чет өлкөдө иш сапары менен жүргөн облус губернатору Турдубек Мамбетовду күтө тургандыктары менен түшүндүрдү. Губернатордун орун басары Э. Алымкуловдун айтымында, акцияга чыккандардын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар берилди. Төрт баласы менен эч шарты жок, эл тейлөө мекемесинин имаратында күн кечирип жаткан С. Сагындыкованын бут кийимсиз мектепке барбай жаткан баласына жардам берүү, кызын бала бакчага орноштуруу маселеси чечилип, аларга бир бөлмөлүү үй берүү да караштырылды. (JI)

XS
SM
MD
LG