Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

НАТОнун соккусунан оогандык аскерлер мерт кетти


НАТОнун аба соккусунан Ооганстандын түштүгүндө жергиликтүү армиянын 4 жоокери набыт кетти. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлиги маалымдады. Эл аралык күчтөр аларды козголоңчулар менен алмаштырып алышкан болушу керек деп айтылууда. НАТОнун командачылыгы шаршембиде ал аймакта согушкерлерге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктап, окуяны иликтөө үчүн атайын топ жөнөтүлгөнүн маалымдады. Түндүк альянстын күчтөрү ооган аскерлерин кокусунан атып алган учур ушуну менен быйыл кеминде 3 жолу катталган.

XS
SM
MD
LG