Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Германия 2011-жылы Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштайт


Германия Ооганстандагы аскерий контингентин эмки жылдын этегине чейин кыскарта баштайт. Немис коргоо министри Гвидо Вестервелле парламентте сүйлөп, аскерлерди 2014-жылдын аягына чейин толугу менен чыгаруу максат кылынганын билдирди. Ооганстанда ушу тапта германиялык 4 жарым миңдей аскер кызмат өтөөдө. Уруш башталгандан бери ал жакта 44 жоокер каза тапты. Контингенттин мандатын дагы бир жылга узартуу маселесин парламент жакынкы күндөрү карайт.

XS
SM
MD
LG