Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Европа кеңеши Косоводогу кылмыштарды тергөөгө үндөдү


Европа кеңеши Косоводогу адам органдарынын аткезчилиги жөнүндөгү докладда айтылган фактыларды мындан ары иликтөөгө үндөдү. Швейцариялык тергөөчү Дик Марти сунуш кылган баяндамада 1990-жылдардын этегинде “Косовону боштондукка чыгаруу армиясы” карапайым туткундарды Албанияга алып барып өлтүргөндөн кийин бөйрөктөрүн көмүскө базарда сатышчу деп айтылган. Иликтөө Косовонун премьер-министри Хашим Тачи кылмыштуу топтун ана башы болчу деген шектенүүлөрдү да текшерген. Европа кеңешинин укук боюнча комитети бул ишти тергөөнү сунуш кылды. Комитет эл аралык уюмдар кылмыштар жөнүндө билип туруп, кыска мөөнөттүү стабилдүүлүктү орнотуу максатын көздөп эле аларды көз жаздымда калтырып келишкен деп сындады.

XS
SM
MD
LG