Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Учактар үчүн күйүүчү майга акциздик салык киргизүү сунушталууда


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы учактар үчүн күйүүчү майга акциздик салык киргизүү боюнча мыйзам долбоор даярдап, аны парламентке сунуштоону пландоодо. Бул тууралуу кечээ фракция жыйынында “Ата Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунан бери эле учактар үчүн күйүүчү майдын көбү АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборуна ташылып, май ташыган ишканалар акциздик салыктан бошотулуп калган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда, 2008-жылдын 30-декабрындагы өкмөттүн токтому менен аты өзгөртүлгөн АКШ базасына реактивдүү май ташыгандар кайра эле салыктан бошоп калган. Эми учактар үчүн күйүүчү майдын ар бир тоннасына 2500 сомдон салык киргизүү сунушталмакчы. “Ата Мекен” фракциясынын эсеби боюнча мындай көлөмдөгү салыктан бюджетке айына 2-3 миллион, жылына 30 миллион доллардай каражат түшүп турат. Ө.Текебаев ал акчаларды мугалимдердин, бюджеттик кызматкерлердин айлык-акыларына жумшоого болорун айтат. (IJz)

XS
SM
MD
LG