Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Евробиримдик еврону коргоо үчүн зарыл чаралардын баарын көрөт


Бул тууралуу биримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй Брюсселдеги саммит учурунда билдирди. Аймактык акча евронун башка валюталарга карата курсунун стабилдүүлүгүн кармоо үчүн Евробиримдик туруктуу кор түзүүгө ниеттенүүдө.

Бул корго чогулган каражаттын эсебинен евроаймактын каржылык кыйнчылыкка кабылган өлкөлөрүнө жардам көргөзүлөт. Жардам көргөзүүнүн мындай туруктуу механизми түзүлүүсүнө жол ачуу үчүн Евробиримдиктин лидерлери уюмдун башкы документи – Лиссабон келишимине өзгөртүү киргизүүнү макулдашты.

Аймактагы карыз кризистерине байланыштуу Евробиримдик жогорку деңгээлдеги саммитке быйыл жети ирет чогулду. Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун жардамы буга чейин карызга баткан Греция менен Ирландияга берилди, ушундай эле абалга эми Португалия менен Испания да кабылуусу мүмкүн деген кооптонуу бар.

XS
SM
MD
LG