Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, коалиция түзүү милдети тапшырылган “Республика” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов парламентте “Биримдик жана өнүгүү” коалиция түзүлгөнүн жарыялады. Коалицияга “Республика”, “Ата Журт” жана Социал-демократтар фракциясы кирип, курамы 77 депутаттан турду. Ө.Бабанов өз сөзүндө кеңири коалиция түзүүгө аракет кылганын, бирок “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партиялары коалицияга кирүүдөн баш тартышканын билдиришкен. Коалициялык келишимге ылайык премьер-министрлик кызматка КСДП лидери Алмазбек Атамбаев, спикерликке “Ата Журттун” лидери Акматбек Келдибеков, ал эми биринчи вице-премьер-министрлик кызматка “Республиканын” төрагасы Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги сунушталды. Депутаттар сунушталган талапкерлерди шайлап бүтмөйүнчө иштей турган болушту. (IJz)