Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:31

Британиянын соту Жулиан Ассанжды күрөө менен бошотту


Чуулгандуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү абактан өзү Лондондо полициянын колуна түшүп бергенден тогуз күндөн кийин чыгарылды. Эми келерки айда Британиянын соту Швециянын Австралия жараны, 39 жаштагы Ассанжды өткөрүп берүү жөнүндөгү өтүнүчүн карай баштайт. Швед тарап аны сексуалдык кылмыш жасаган деп айыптоодо. Ассанждын жактоочулары болсо буга окшогон айыптоолордун артында балким саясий жүйөө жатат деп эсептешет. Жакындан бери WikiLeaks сайты АКШнын тышкы саясий мекемесине таандык миңдеген жашыруун документтерди шардана кылып, бул өз кезегинде Вашингтондун кыжырдануусун жараткан.

XS
SM
MD
LG