Полициянын маалыматына караганда, камакка алынган адам кеминде 14 кишини бычак менен сайып жарадар кылган. Окуя борбор Токиодон 40 чакырымдай алыстыкта болгон. NHK телеканалынын маалыматына караганда, бычакчан адам автобустун ичине кирип алып, жүргүнчүлөрдү кол сала баштаган.