Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевдин соту 22-декабрга жылды


Бул тууралуу сот залынан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Соттук кароону жылдырууга чакырылган күбөлөрдүн келбей калгандыгы себепчи болду. Сот процесси Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда өтүүдө.

Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевге "массалык башаламандыктарды уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. “12-13-май күндөрү бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыпталып аткандардын иши өткөн айда тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн болчу. Үсөн Сыдыков жана Искак Масалиев өздөрүнө коюлуп жаткан айыптар менен макул эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG