Анын эгеси Жулиан Эссанж да америкалыктардын миңдеген жабык документтерин жарыялап Австралиянын мыйзамдарына каршы иш кылган жок. Австралиянын премьер-министри Жулия Гиллард полициянын маалыматтарына таянып, ушундай пикирин билдирди. Ошол эле учурда сайттын азыркы ишин ал колдогон жок.
"Wiki Leaks сайтынын тарапкерлери көп экенин мен билем, бирок мен өзүм андайлардан эмесмин, муну тике эле айта алам. Менимче, Wiki Leaks жасап жаткан иштер жеткен жоопкерсиз жорук",- деп кошумчалады Гиллард.
Сайт эгеси Эссанж - Австралиянын жараны, ал өткөн аптада Лондондо камалып, кечээ күнү күрөөгө түрмөдөн бошотулду. Швед соту аны сексуалдык зордуктоо фактылары боюнча айыптап, Эссанжды Стокголмга өткөрүп алууну көздөп жатат.