Бүгүн Нарын облусундагы Ат-Башы гидро электр станциясына 40 жыл толду. Ага байланыштуу өткөн салтанатка энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган энергетика тармагындагы адистер катышты. Учурда Ат-Башы ГЭСи Нарын облусу пайдаланган электр кубатынын төрттөн бирин, же саатына 40 миң киловатт электр кубатын өндүрүп, Нарын дубанынын калкынын бир бөлүгүн ток менен камсыз кылып, Макмал, Торугарт сыяктуу стратегиялык жайларга жарык берет. Осмонбек Артыкбаев Ат-Башы ГЭСинин келечеги кең болгонун айтып, бир катар энергетика тармагындагы адистерге сыйлык тапшырды. Аталган ГЭСтин эмгек жааматына “Электр тармактар” ачык акционердик коомунун жетекчиси Медет Айткулов бир автобус белекке бере турганын айтты.
Нарындык энергетика адистеринин алдыңкылары КМШнын Энергетиктер биримдигинин баалуу сыйлыктарына да ээ болушту. (JI)
Нарындык энергетика адистеринин алдыңкылары КМШнын Энергетиктер биримдигинин баалуу сыйлыктарына да ээ болушту. (JI)