Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Японияны Кытайдын таасири кооптондурат


Бул тууралуу Токио өкмөтүнүн тышкы саясий багыттарында айтылат. Документ бүгүн жарыяланды. Анда аймакта коопсуздук проблемасы улам татаалданып, көп катмарлуу болуп, кеңейип баратканы жана коркунучтардын түрлөрү да көбөйүп жатканы белгиленет. Тышкы саясий багыттардын тезистеринде Токио Россиянын коркунучуна караганда Кытайдын кескин өсүп бараткан таасирин башкы орунга койгон. Мындан тышкары АКШ менен тыгыз союздаш болуу, коопсуздук чөйрөсүндө Түштүк Корея жана Австралия өңдүү регионалдык өнөктөр менен кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгы айтылат.

XS
SM
MD
LG