Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Талас: Апрелде набыт болгондорго эстелик тургузулду


Талас шаарында апрель ыңкылабында набыт болгондордун элесине арналган эстеликтин ачылышы болду. Эстеликтин бетине жигиттин жанында окко учуп, кулап бара жаткан адамдын элеси түшүрүлгөн. “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын өкүлдөрү “бул эстелик бийлик өкүлдөрүнө сабак болсун деген максатта облустук акимчиликтин алдына орноттук” деп билдиришти. Эстеликтин ачылыш салтанатында 500 жана 1000 метрге чуркаган жөө күлүктөргө байгелер тапшырылып, апрель ыңкылабында мерт кеткендерге куран окулду.

7-апрелде Ак үйдүн алдында 80ден ашуун киши мерт кеткен. Алардын жетөө Таластан болчу. (UA)

XS
SM
MD
LG