Эгер Түштүк Корея чек арага жуук аралда кезектеги артиллериялык машыгуу өткөрө турган болсо, анда Түндүк Корея коңшусуна сокку урат. Бул жолку сокку масштабдуу жана катаал болот деп айтылат Пхеняндын бүгүн жарыя кылынган билдирүүсүндө. Аталган аралда чыккан кагылыштан улам эки корей өлкөсү жакында аз жерден согуша кете жаздаган эле. Түштүк Корея ушул эле аралда эртең кезектеги аскерий машыгууларды өткөргөнү жатат.