Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Брюсселде Еврошаркеттин жыйыны аяктады


Бүгүнкү талкууларда тышкы саясат маселелери башкы тема болду. Биримдиктин лидерлери АКШ, Кытай, жана Индия өңдүү стратегиялык өнөктөштөр менен мамилелери бир кыйла чыңдалганын белгилешти. Кечээки жыйында шаркеттин финансылык кысталаң абалга туш келген өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү үчүн атайын туруктуу кор түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган эле. Греция менен Ирландия евробиримдиктен жана эл аралык валюта корунан тыкыр насыя алганга аргасыз болушту. Эксперттер эми ушундай эле ыкыбалга Португалия менен менен Испания туш болушу ыктымал деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG