Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Президент парламентте алгачкы сөзүн сүйлөдү


Күн кечтеп кеткенине карабай парламентке келип сүйлөгөн мамлекет башчы Роза Отунбаева «Ата-Журт» фракциясынын башчысы Акматбек Келдибековду Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Ал ошондой эле коалиция түзүүгө жетишкен «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабановго ыраазычылыгын билдирди. Мамлекет башчы жаңы түзүлгөн өкмөт курамына жана анын башында турган премьер-министр Алмазбек Атамбаевге ийгилик каалады.

Мамлекет башчы ошондой эле Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы жолуна түшкөндүгүн айтып, парламенттик шайлоодон кийинки узак убакыттан соң, Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт башчы шайланганы – чоң жетишкендик деп белгиледи. «Эми тезирээк ишти баштоо керек, мезгил күтпөйт, ансыз да чукул арада чечүүнү талап кылган маселелер топтолуп калды», - деди Роза Отунбаева.

Президент парламенттик көпчүлүк түзүү мандатын алгач 11-ноябрда Социал-демократиялык партияга берген. Бирок КСДП, «Ата Мекен» жана «Республика» партиясынан куралган коалиция максатына жетпей ыдырап калган соң, 4-декабрда президент коалиция түзүүнү «Республика» фракциясына ыйгарган. 16-декабрда «Республика», КСДП жана «Ата-Журт» фракцияларынан турган парламенттик көпчүлүк түзүлдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG