16-декабрда кызматынан алынган “Бешинчи канал” телеканалынын башкы директору Евгения Бердникова кайра кызматына коюлду. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул Мамлекеттик мүлк министрлигинин чечими жана ал улутташтырылган мекемелердин жетекчилерин дайындоо жоболору аныкталганга чейин күчүндө болот.
16-декабрда “Бешинчи канал” телеканалынын жетекчиси Евгения Бердникованын ордуна Улуттук телерадио корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары Кубатбек Талипов дайындалганы маалымдалган. “Бешинчи каналдын” айрым кызматкерлери жетекчинин алмашуусуна макул эместигин билдирип чыгышып, президентке кайрылуу жөнөтүшкөн. Анда жетекчини алмаштыруу бир топ ири идеялардын ишке ашпай калаары белгиленген. Каналдын жамаатынын бул кайрылуусуна бир катар медиа уюмдар тилектештигин билдиришкен болчу. (KKs)