Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

“Кылым шамы” борбору июнда набыт болгондордун тизмесин жарыялады


Аталган борбор өз жыйынтыгын “Июнь окуялары учурунда мерт болгондор: курман болгондорду коргоо боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн жоопкерчилиги” деген ат менен жарыя кылды. Ага ылайык, Ош жана Жалал-Абадда июнь айында орун алган окуяларда көз жумгандардын тизмесине 423 адамдын аты-жөнү кирген. Алардын ичинен 355 адам Ош шаары жана Ош облусунан, 68 адам Жалал-Абад шаары менен Жалал-Абад облустарынан болгон. Мындан сырткары өзбек улутундагы 312 адам, 107 адам кыргыз, 4 адам башка улуттан экендиги белгиленет. Ошондой эле мерт болгондордун арасынан 284 адам ок атуучу куралдан каза тапкан. Борбордун маалыматына ылайык, июнь окуялардын эң жаш курмандыгы бир жыл алты айлык Одинахон аттуу кыз болгон. Азиза Абдрасулова белгилегендей бул алдын ала маалыматтар, тизмелер жаңы маалыматтар менен толукталышы мүмкүн. (KKs)

XS
SM
MD
LG