Москвада Кыргызстандан келген адам сабалганы туурасында Орусиянын "Сова" маалымат-аналитикалык борбору жазып чыкты. Ага ылайык, 16-декабрда кечки саат ондордо Москванын түштүгүндөгү Генерал Белов атындагы көчөдө, соода борборунун короосун шыпырып иштеген 27 жаштагы кыргызстандык жаран ур-токмокко кабылган. Аны өспүрүм жашындагы үч адам темир таяктар менен сабаганы кабарланууда. Натыйжада жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бул ишке тиешеси бар деген шек менен 15 жана 16 жаштагы ага-ини жана дагы бир 15 жаштагы өспүрүм кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоо кызматкерлери кармалгандардын кылмышка тиешеси бардыгын, же жоктугун аныктоодо деп жазылат маалымат-аналитикалык борбордун кабарында.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү бүгүн дем алыш күн болгондуктан маалыматты тактоо мүмкүн болбой жаткандыгын "Азаттыкка" билдирди. (KKs)
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү бүгүн дем алыш күн болгондуктан маалыматты тактоо мүмкүн болбой жаткандыгын "Азаттыкка" билдирди. (KKs)