Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы аптада эттин баасы 3,6%, буудайдыкы 3,3%, биринчи сорттогу ундун баасы 1,2% , шекердин баасы 2,0%, суу майдыкы 2,3 пайызга көтөрүлгөн. Ошондой эле күрүчтүн баасында 0,5 пайыздык жогорулоо байкалган. Ош облусунда күрүч 2,6 пайызга кымбаттаган. Натыйжада ушул тапта эт продукцияларынын орточо баасы килограммына 175 сом, шекердики 53,52 сом, ундуку 25,84 сом, күрүч 58,50 сом жана өсүмдүк майынын литри 88, 25 сомду түзүүдө. Мындай натыйжа министрликтин 9-декабрдан 16-декабрга чейин Кыргызстандын аймагындагы ири базарларда жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгында келип чыкты. (KKs)