Бүгүн Кыргызстандагы бир катар маданият ишмерлери техникалык өкмөттүн курамында Маданият жана маалымат министри болуп иштеп келген Садык Шер-Ниязды өз ордунда калтыруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” демилгечилердин бири, жазуучу Бексултан Жакиев кабарлады. Анын айтымында, "буга чейинки министрлерге салыштырмалуу Садык Шер-Нияз маданият жаатында алгылыктуу аракеттерди жасап жаткан. Мындан улам аны ордуна башкасын алып келүүгө муктаждык жок болчу".
Бүгүн өлкө президенти Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин атына 17 кишинин колу коюлган кайрылуу жөнөтүлдү. Кол койгондордун арасында Күлүйпа Кондучалова, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Өскөн Даникеев, Уран Сарбагышев, Замирбек Үсөнбаевдер өңдүү маданий ишмерлер, жазуучулар жана эл артистери бар.
17-декабрда Жогорку Кеңештин өкмөттүн курамы жөнүндөгү токтомуна ылайык, Маданият жана маалымат министри болуп Нурлан Шакиев бекитилген эле.
Нурлан Шакиев буга чейин “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, “ЭлТР” телерадио компаниясынын жетекчиси өңдүү жумуштарды аркалап келген. Мындан сырткары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курамында быйылкы парламенттик шайлоого аттанган болчу. (KKs)