Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Марат Иманкулов июн курмандыктарынын тегин ачыктоого нааразы


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы быйылкы июнь окуяларында курман болгондордун улуттук тегин ачыкка чыгарууну туура эмес деп эсептейт. Марат Иманкуловдун "Азаттыкка" айтымында, бул окуяларда кайсы улуттан канча адам зыянга учураганын ачыктоо жаңы карттанып келе жаткан жараатты сезгентип алышы мүмкүн. Мындан улам курман болгондорду улутка бөлүп кароого болбойт, дейт ал.

Ушул жумада “Кылым шамы” укук коргоо борбору июнь окуяларында мерт болгондордун тизмесин улуту боюнча жарыялаган. Ал баяндамада каза тапкан 423 адамдын 312си өзбектер, төрттөн бири - 107 адам - кыргыздар деп белгиленген. (JCH)

XS
SM
MD
LG