Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Сауд Арабстан: шийит-сунни кагылышында 38 киши кармалды


16-декабрдагы өлкөдөгү секталар аралык кагылышуунун айынан бир нече киши жаракат алганы да кабарланууда. Сауд Арабстандын коопсуздук кызматкери билдиргендей, шийит азчылыгы жыл ичиндеги эң ыйык майрамын белгилеп жатканда алар менен Медина шаарынын тургундары кагылышты. Бул кызматкер бейшембидеги кагылыштын себебин түшүндүргөн жок. Бирок шийит мусулмандарынын «Расид» интернет сайтынын маалымдашынча, «Ашура» фестивалында Мухаммад пайгамбардын небереси Хусейндин 680-жылы набыт болушун эскерип жаткан шийиттерге жүздөгөн сунни мусулмандары кол салган. Тополоңду токтотууга жана элди таркатууга коопсуздук күчтөрү тартылган.

XS
SM
MD
LG