Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Швейцария Косоводо дене мүчөлөрүн сатуу доосун иликтөөгө чакырды


Швейцариянын тышкы иштер министрлиги «Косоводо эркиндик үчүн согушкан албан согушкерлери колго түшкөн серб азчылыгынын өкүлдөрүнүн денесинен союлуп алынган ички органдарды сатып келишкен» деген айыптоо боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Швейцариялык министрлик буга тийешеси бар өлкөлөрдү, айрыкча Косовону бул айыптоо боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырды. Европа Кеңешинин атайын тергөөчүсү Мик Мартинин отчетунда Косовонун азыркы өкмөт башчысы Хашим Тачи менен согуш мезгилинде ал башкарып турган Косовонун Боштондук армиясынын орган аткезчилиги менен байланышы болгондугу айтылат.

XS
SM
MD
LG