Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Голландияда Батыш Европадагы эң чоң мечит ачылды


Батыш Европадагы эң ири мечит Голландиянын Роттердам шаарында салтанаттуу ачылды. Мечиттин башкы жетекчиси Абдел-Разак Бутахирдин айтымында, имараттын эки мунарасынын ар бири 50 метр бийик келип, мечитке бир мезгилде үч миң динзарды батыра алат. Бутахир ошондой эле мечит соопчулуктун, өз ара түшүнүүчүлүктүн жана кечиримдүүлүктүн борбору болуп калат деген үмүтүн билдирди. Алгачкы долбоор боюнча бул ири мечит 2005-жылы бүтүшү керек эле, бирок Голландиядагы айрым топтордун каршылыгынан улам, курулуш иши кечеңдеп кеткен.

XS
SM
MD
LG