Китеп үчилтиктен турат. Анда 2002-жылы бийликтин аткан огунан жети азаматтын ажал табышы, кыргыз жери Үзөңгү-Кууштун мурдагы президент Аскар Акаев тарабынан Кытайга кандай жол менен берилгени, өз бийлигинен башканы көрө албай калган жетекчини кийин өз эли мекенине келгис кылып кууп жибергени тууралуу жазылган. Китептин автору 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилүүсүнө ачык каршы чыкканы үчүн түрмөгө камалган Азимбек Бекназаров. Бүгүн китептин бет ачары аземинде Азимбек Бекназаров Аксы окуясынын катышуучуларына китепти өз колу менен тапшырды. Китеп 10 миң нускада жарык көргөн. (AzK)