Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Москвада 808 киши кармалды


Орусиянын баш калаасында тартип коргоочулардын билдиришинче, камакка алуу орустар менен кавказ улутундагылардын кагылышына жол бербөө үчүн жүргүзүлдү. Кармалгандардын көбү өспүрүмдөр экени айтылууда. Полиция маалыматына ылайык, аларга кечээ атаандаш топтор Москвада Манеж аянтында, Останкино теле мунарасынын жанында жана Алексеевская, ВДНХ метро бекеттеринин айланасында чогулат деген кабар түшкөн. Аталган жерлерде көп санда тартип коргоочулар турду. Останкинонун жанында чогулуу аракети дароо токтотулду. 11-декабрда футбол күйөрмандары тополоң чыгарып, бир кыргыз жараны каза тапкан эле. Ошондон бери Москвада кырдаал курч бойдон калып жатат.

XS
SM
MD
LG