Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ооганстанда сегиз киши набыт болду


Кабулда бомба катынган эки адам машыгуудагы жаш офицерлер бараткан автобуска кол салып, беш киши менен кошо өздөрүн өлтүрүп тынышты. Полиция маалыматына ылайык, кол салгандар алгач автобусту аткылашкан. Өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарында да аскерлерди каттоо борборуна үч жанкечти кол салып, кеминде эки ооган аскери курман болду. Анын аралыгында НАТО баштаган күчтөрдүн бир аскери окко учуп, Ооганстанда турган чет элдик аскерлердин арасындагы өлүм жыл башынан бери 700гө жетти. Бул - чет элдик аскерлер Ооганстанда талиптердин бийлигин кулаткан 2001-жылдан берки бир жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

XS
SM
MD
LG