Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Кошмо Штаттары Түркия менен алакасын өтө баалайт


АКШнын президенти Барак Обама «Иран боюнча айрым пикир келишпөөчүлүккө карабастан, Америка-Түркия мамилеси бүгүн болуп көрбөгөндөй мааниге ээ» деди. Түркиянын «Хуриет» гезити менен маегинде Обама АКШ менен Түркия айрым маселелерде келише албаган күндө да эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктары жана асыл-нарктары кала берээрин белгиледи. Түркия Ирандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу бул өлкөгө катаң чара көрүүгө анчейин көңүлдөнбөй келет. Обама бирок Түркия Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө максатын көздөйт деген бекем ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG