Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Эл аралык уюмдар жаңы өкмөттүн түзүлүшүн кубаттады


Бириккен Улуттар Уюмунун, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жана Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү биргелешип Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу билдирүү таратышты. Анда өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык жаңы өкмөттүн түзүлүшү жана Жогорку Кеңештин төрагасынын шайланышы кубаттоого алынды. Бул окуя өлкөдө демократиялык легитимдүү институттарды курууда маанилүү кадам катары бааланды. ЕККУнун Бишкек кеңсеси тараткан билдирүүдө, эми кыргыз өкмөтүнүн алдында өлкөнүн биримдигин сактоо аркылуу тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, ак ниет башкаруу, адам укугун сактоо сыяктуу олуттуу тапшырмалар турары белгиленген. (EBM)

XS
SM
MD
LG