Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Жаңы куралган өкмөт ишин баштады


Бүгүн техникалык өкмөт жаңы куралган өкмөткө ишин расмий тапшырып берди. Бул иш-чарага катышкан президент Роза Отунбаева кыйчалыш кырдаалда жоопкерчиликти алып, саясий туруктуулукту, банк, каржы системасын сактап калууга салым кошкон техникалык өкмөттүн курамына ыраазычылык билдирди. Андан соң сөз сүйлөгөн жаңы дайындалган премьер-министр Алмазбек Атамбаев ар бир кесипкөй өз иши менен гана көрүнө аларын, ишти алдыга жылдыра албаган жетекчи бир-эки айда өз ишин тапшырып берүүгө мажбур болорун белгиледи. Мурдагы вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров жаңы өкмөттүн курамын сынга алып, он жылдап бийлик менен күрөшкөндөр четте калганын кошумчалады.

Коалициялык көпчүлүлүк түзүү мүмкүнчүлүгүн алган “Республика” партиясы Социал-демократтар жана “Ата Журт” партиялары менен биригип, парламентте башкаруучу коалиция түзүшкөн. “Ата Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдикбеков парламент төрагасы болуп, социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка, “Республика” лидери Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG