Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Баткен: губернаторду ордунда калтыруу талабы айтылууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдашынча, ушул тапта Баткен облустук администрациянын алдында 50дөй адам чогулду. Алар жаңы куралган өкмөттөн облус губернатору Султанбай Айжигитовду кызмат ордунда калтырууну талап кылып жатышат. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын айрым тургундары да облус жетекчисин кызматында калтыруу боюнча өкмөткө кайрылуу жолдошкон.

Бүгүн түштөн кийин мурдагы маданият жана маалымат министри Садык Шер-Ниязды ордуна калтыруу талабы министрликтин айрым кызматкерлери жана жазуучулар нааразылык жыйынына чыгары айтылууда.

Ушундай эле талаптар менен буга чейин Талас облусу, Балыкчы шаарынын айрым тургундары чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG