“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, оппозицияга өткөнүн расмий жарыя кылды. Анын айтымында, бул кадам "фракциянын мамилеси бийлик менен душмандык мамилеге жетти" дегенди түшүндүрбөйт. “Фракция дайыма башкаруучу коалициянын ишине көмөк көрсөтүүгө даяр”,-деди Ф.Кулов.
“Республика” партиясы 17-декабрда Социал-демократтар жана “Ата Журт” партиялары менен биригип, парламентте башкаруучу коалиция түзгөн.
Президент парламенттик көпчүлүк түзүү мандатын алгач 11-ноябрда Социал-демократиялык партияга берген. Бирок КСДП, "Ата Мекен" жана "Республика" партиясынан куралган коалиция максатына жетпей ыдырап калган соң, 4-декабрда президент коалиция түзүүнү "Республика" фракциясына ыйгарган. (КЕ)