Буга байланыштуу жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн эртең менен техникалык өкмөт жаңы куралган өкмөткө ишин расмий тапшырып берди. Президент айым кыйчалыш кырдаалда жоопкерчиликти алган техникалык өкмөттүн мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
Коалициялык көпчүлүлүк түзүү мүмкүнчүлүгүн алган “Республика” партиясы 17-декабрда Социал-демократтар жана “Ата Журт” партиялары менен биригип, парламентте башкаруучу коалиция түзүшкөн. “Ата Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдикбеков парламент төрагасы болуп, социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка, “Республика” лидери Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалышты. (КЕ)