Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Ошто массалык иш-чараларга убактылуу тыюу салынды


Мындай токтомго Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кол койду. Шаардык мэриянын маалымат катчысы Гүлжан Ажыматованын “Азаттыкка” айтымында, мындай чечим Ош шаарындагы коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого, ыктымал террордук актыларды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды. Мындан сырткары Жаңы жыл майрамы алдында тарсылдактарды колдонууга тыюу салынган.

"Ошто Жаңы жыл майрамына байланыштуу расмий иш-чаралар өткөрүлбөйт. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов жогорку жана атайын адистешкен окуу жайларда көп адам катышкан маданий иш-чараларды өткөрбөй турууну буйруду. Ошондой эле күч структураларга шаарга курал-жарактарды, ар кандай жардыргыч заттарды ташып кирүүнү катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды. Шаардын кире беришиндеги өткөрмө бекеттерде унааларды көзөмөлдөө жана текшерүү күчөтүлдү. Бирок шаарды Жаңы жылга карата кооздоо иштери жүрүүдө”,-деди Г.Ажыматова. (КЕ)

XS
SM
MD
LG