Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Санжар Бакиевге байланыштуу соттук териштирүү 23-декабрга жылды


Бүгүнкү күнгө белгиленген сот Санжар Бакиевдин жактоочусунун келбей калганына байланыштуу болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады. С.Бакиевдин ишин Чүй облустук соту карап жатат.

Мурдагы президенттин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан. Санжар Бакиев өзүнө коюлган айыптар менен макул эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG