Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Жаңы жылдан тарта чек арачылардын саны 500гө көбөйөт


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева коопсуздук кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйында билдирди. Президент айым түштүктө чек араны бекемдөө зарылчылыгын белгилеп, бир чакырымга бир киши туура келерин, бирок бул абдан аздык кыларын айтты. Р.Отунбаева 1-январдан тарта чек ара кызматкерлерин 500 кишиге көбөйтүү чечими кабыл алынганын кошумчалаганын жыйын болуп жаткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы маалымадады.

Ошондой эле өлкө башчысы учурда иши сотто каралып жаткан "Альфа" тобунун кызматкерлеринин тагдырын сот чечерин белгиледи. “Альфа” атайын тобунун башчысы Алмаз Жолдошалиев баш болгон 8 мүчөсү апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок аткан деп айыпталууда. "Альфачылар" өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG