Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

АКШ элчилиги Кыргызстанды өкмөттүн куралышы менен куттуктады


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги парламенттик өкмөттүн куралышына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. “Биз муну демократияга карай бир кадам алга жүрүш катары карайбыз. Жаңы өкмөттүн алдындагы маанилүү милдет - коомчулуктун кызыкчылы үчүн кызматташууга даярдыгын көрсөтүү жана демократиялык мамлекетти түзүү үчүн жигердүү ишти баштоо”,-деп жазылат элчиликтин куттуктоо катында.

Буга чейин кыргыз бийлигине ушундай эле мазмундагы катты Бириккен Улуттар уюму, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму, жана Европа биримдиги жолдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG