Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

АКШ Минскиде кармалган оппозиция мүчөлөрүн бошотууга чакырды


Вашингтондогу Ак үй өкүлү Роберт Гиббстин расмий кайрылуусунда 19-20-декабрда кармалган президенттика талапкерлерди жана алардын тарапкерлерин тезинен бошотуу жөнүндө айтылат.

Ошондой эле АКШ бийлиги 19-декабрда Беларуста өткөн президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн тааныбастыгын да билдирди.

Ага чейин Беларустун өлкө жетекчиси Александр Лукашенко журналисттердин алдында оппозициялык саясатчыларды репрессия менен коркутуп, президенттик шайлоону коштогон нааразылык акцияларды “бандитизм” деп атады. Беларуста “ыңкылапка жана кылмыштуулукка” жол берилбестигин эскертти.

Жекшембиден дүйшөмбүгө ооган түнү Минскинин борбордук аянтында нааразылык акциясына чыккан миндеген адамдарды милиция ур-токмокко алып тараткан.

XS
SM
MD
LG