Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Баткенде мугалимдер нааразылык акциясына чыгышты


Бужум, Кара-Булак орто мектептеринин алтымыштай мугалими облустук акимчиликтин алдына чыгышты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, алар мындан он күн мурда облустук жана райондук бийликке кайрылуу жолдоп, ага эч бир жооп болбогонуна нааразы. Мугалимдер айлык акыны көтөрүүнү, социалдык абалды жакшыртууну жана электр энергиясына жеңилдик берилүүсүн талап кылып жыташат. Чогулгандардын алдына райондук бийликтин өкүлдөрү чыкты. Кечээ ушундай эле талаптар менен Балыкчы районунун мугалим жана бала бакчы тарибячылары чыгышкан.

Билим берүү министри Канат Садыков “Азаттыкка” курган маегинде мугалимдердин айлыгы жыл жаңыргандан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн, 2 жарым жылдан кийин мугалимдердин айлыгы бара-бара 10 миң сомго жетерин билдирген.

Ушул айдын башынан тарта өлкөнүн ар аймагында мугалимдер айлыкты жогорулатууну талап кылып буга чейин бир нече ирээт нааразылык акцияларды өткөрүшкөн. Мындай акция алгач Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда башталган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG