Буга байланыштуу Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанатка президент Роза Отунбаева катышууда. Салтанатты жаңы дайындалган министр Аскарбек Шадиев ачты. Президент айым энергетиктерди кесиптик күнү менен куттуктап, апрелден кийин энергетика системасында коррупцияны жоюуга бир топ аракет жасалганын жана бул тармактагы ишмердүүлүк ачык негизде жүрүп жатканын, бир катар реформалар болгонун белгиледи. Р.Отунбаеванын айтымында, Кыргызстанда быйыл калкты электр жарыгы менен камсыз кылууда маселе болбойт. Ошондой эле президент энергетиктерге Нарын дарыясын бойлой 20 ГЭС курууну милдеттендирди. Президент бул тармакта эмгектенген алдыңкы кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгырды.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жарык маал-маалы менен өчүрүлүп, энергетика тармагы коррупцияга малынганы сынга алынып келген. (КЕ)
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жарык маал-маалы менен өчүрүлүп, энергетика тармагы коррупцияга малынганы сынга алынып келген. (КЕ)