Бул тууралуу Европа биримдиги жана Бириккен Улуттар уюмунун Балдар корунун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев башында турган "Ата Журт" фракциясынын депутаттары менен жолугушууда билдиришти. Жолугушуу маалында карапайым калктын жакыр катмарын, айрыкча балдарды социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу пикирлер айтылды. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Ража Баррада мурда калктын жакыр катмарын, анын ичинде балдарды социалдык жактан коргоо кызматтары ар кандай министрликтер менен мекемелердин курамында чачкын болуп келгендигин белгиледи.
Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү парламенттик көпчүлүк коалициясынын түзүлгөндүгү, өкмөт түзүмү жана анын курамынын бекитилиши менен куттуктап, өлкөнүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин андан аркы ишине ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде К.Ташиев жакын арада Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери, анын ичинде социалдык маселелер боюнча иштеген комитет түзүлө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)