Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Бишкекте дин жана билим берүүгө арналган жыйын өтөт


“Билим берүү жана дин: Кыргызстандагы жана эл аралык тажрыйба” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция 22-23-декабарда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин басма сөз катчысы Азима Акунова кабарлады. Анын айтымында, жыйында диний жана руханий билим берүүдөгү окуу-методикалык, уюштуруу, илимий-изилдөө иштери талкууланат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан диний башкармалыгынын өкүлдөр, жогорку окуу жайдын жана илимий, диний билим берүү мекемелеринин окутуучулары, жетекчилери, коомдук уюмдардын, чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG