Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, “Стабилдүүлүк, ишеним жана биримдик” деген аталыштагы жыйында эки улуттун биримдигин, достугун чыңдоодо аялдардын ролу тууралуу сөз болду.
Губернатордун орун басары К.Тезекбаев парламентке келген 26 айым депутат балдарга жана аялдарга тиешелүү бир топ маселерди чечет деген ишенимин ортого салды. Конференцияны облустун лидер айымдары уюштурду.
Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында аялзатынын бир да өкүлү болбогону коомчулукта талкууга алынып, сынга кабылып келүүдө. (КЕ)