Нарын шаарында 50гө чукул айдоочу нааразылык акциясына чыгып, мамлекет тарабынан киргизилген патент үчүн акча төлөөдөн баш тартып, бийликти жолдордун абалына, милиция кызматкерлеринин арасындагы коррупцияга көңүл бурууга чакырышты. Алар менен Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Бейшенбек Молдоканов жолугушту. Б.Молдоканов Нарында буга чейин кайсы бир МАИ кызматкеринин үстүнөн “пара алган” деген айып менен арыз түшпөгөнүн айтты.
Митингге чыккан айдоочулардын лидерлери тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен маселени чечүү боюнча дагы бир жолу жолугушууну болжолдогондон кийин жыйындын катышуучулары тарап кетишти. (JI)
Митингге чыккан айдоочулардын лидерлери тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен маселени чечүү боюнча дагы бир жолу жолугушууну болжолдогондон кийин жыйындын катышуучулары тарап кетишти. (JI)