Римдин шаар башчысы Жанни Алеманно полиция метродо тапкан түзүлүшкө детонатор орнотулбагандыгын, андыктан ал коркунучсуз экендигин билдирди. Италиялык маалымат каржаттары Римдин чеке белиндеги метродо поездин ичинде калтырылган сумкада жардыруучу түзүлүшкө окшогон шектүү нерсе табылганын кабарлаган.