Жекшембиде өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп, ага улай башталган нааразылык акциясында кармалган Григорий Костусев жана Дмитрий Усс бошотулду. Г.Костусев оппозициянын тарапкерлерин кечинде Мамлекеттик коопсуздук комитетинин алдына топтолуп, калган камактагыларды бошотууну талап кылууга чакырды.
Президенттикке талапкер болгон оппозиция өкүлдөрү Владимир Некляев, Андрей Санников, Николай Статкевич жана Виталий Рымашевский Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөө абагында жатат.
Кечээ шайлоодо жеңип чыккан президент А.Лукашенко оппозиция лидерлерин репрессия менен коркутуп, Беларуста “ыңкылапка жана кылмыштуулукка” жол берилбестигин эскерткен.